Ак кайыңдуу айыл салкыны
Майрамбек Токторовдун быйыл жарык көргөн “Түбөлүк тур, ата журт!” жыйнагына, аты эле айтып тургандай, мекен темасындагы ырлар арбын камтылган. Ошолордун бири акындын Таластагы туулган айылы Көпүрө-Базарга арналыптыр.
Мекен – бул эң оболу ата-энеңдин мээрими, уялаштарыңдын, жакын туугандарыңдын, кошуналардын көзгө жылуу өңү, санаалаштыгы; туулган жериңдеги көкүрөк кере эркин дем алган аба, арыктан аккан суу, дарыя, талаа, тоолор… Тамтуң баскан балакай дагы дүйнөнү, андагы Мекенди ушундайча тааный баштайт. Акын болсо ата журтун бир үзүм ак булуттан, үлп эткен салкын желден, кулундун кишинешинен көрө/уга/сезе алат. Майрамбек бир катар саптарында туулган айылына имерилген сезимин ак кайыңдардын элеси аркылуу туюндуруптур:
Ак кайыңдар ак куудай моюн созуп,
Сулуулардай суйкайып кийинишет.
Кыялыңды кырка тоо закым кылган
Айтсаң угуп жаткансып сүйүнүшөт.
Кыналыша калышат шамал жүрсө,
Кудум курбу кызына сыр айткансып.
Бири муңдуу, бири суз, бири күлсө,
Бири мында зыңгырайт сын таккансып.
(“Кайыңдуу айыл”)
Мындай ыкма – жансыз нерселерге адамдын касиетин ыйгаруу – адабият таанууда кейиптештирүү/кишилештирүү (олицетворение, personification) деп аталат.
Лирикалык “Мендин” туулган жерди көргөндөгү (же алыста жүрүп эстей, элестеткендеги) өрөпкүгөн мамилеси сүрөттөө объектисине – бул жерде ак кайыңдарга – өтүп, алардан да жооп алгандай маанай менен ушундай саптар жазылат окшойт:
Ак кайыңдар – айылдын асыл жаны,
Чарчап турса көңүлдүн жазылганы.
Ак кайыңдар – айылдын ашык жары,
Ак кайыңдар – айылдын чагылганы.
Өсүп жатат ээ бербей, элес бербей,
Өзүн сезип эң бийик теректердей.
Тымпыйышып турса да таңда, кечте,
Шыбырашат сыр ачкан келиндердей.
Ак кайыңдар айылда шуулдаган,
Адамдардай түрлөнүп кубулбаган.
Бой тирешип асмандап өсүп барат,
Заман менен кошулуп зуулдаган.
(Ошол ырдан)
Көркөм формасы жагынан жыйнакта мындан кыйла чыйрагыраак чыккан ырлар табылат. Бирок мунун мага жаккан бир өзгөчөлүгү – текстте ички диалог бар. Ырас, мында сүйлөшүүнүн жүрүшүн билдирүүчү сөздөр же тийиштүү тыныш белгилер (тырмакча, сап башындагы тире ж.б.) жок. Көлөмдүү ырдын жыйынтыктоочу бөлүгүндө гана лирикалык каармандын туулган жерден калган досу аркылуу айылына “салам айтканы” бар:
Ак кайыңдуу айылды азык кылган,
Көпүрөлүк жердешим жашык тууган.
Кайың десе кубанат жаш балача,
Кайың десе кай убак атып турган.
Касиетин туу тутуп айылымдын,
Алыс жактан сагынып келип алган.
Кайың ага сырдашпы, доспу билбейм,
Кайыңдарды сүйлөйт деп сезип алган.
Ошол досум кайыңды кастарлаган,
Кайда болсо мактанып айтат маган.
Кайыңдарды сагынсаң келип кет дейт,
…Кайың жыттуу айылыма айтам салам!
Бул чакан макаланы аяктап жатып, жаңы китеп жөнүндө белгилүү адабиятчы, ф.и.д., профессор Советбек Байгазиевдин сөзүнөн үзүндү келтирүүнү чечтим:
“Автор ырларында бирде дүйнөнүн, жашоонун түпкү маңызын көшөрүп издеген философ, бирде адам жанынан не бир көзгө көрүнбөгөн нюанстарын кармап ырдаган лирик, бирде кризистеги бир боор калайыктын көйгөйлөрүн, кайгы-касиретин күйүп-бышып ырдаган гражданин. Кандай теманы ырдаса да акын көңүлгө чап орной түшкөн күтүүсүз ойлорду тартуулап, көөнүңө из түшүрүп кетет. Бул чоң поэтикалык жетишкендик дээр элем. Мына ушундай капыстан алдынан чыга калып, окурманды ойго салып, ичине күтүүсүз идеяларды камтыган, жаңы боёк-каражат менен сомдолгон саптарга, ырларга автордун китеби ого эле бай болгону мени абдан кубандырды”.
