Сайттын китепканасы балдар үчүн үч китеп менен толукталды
“Адабий Ордо” сайтынын Китепканасы Жылдыз Бекболотованын балдар үчүн үч китеби менен толукталды. Алар шаарда төрөлүп өскөн Керемет деген кичинекей кыз тууралуу жаңы китепчелер: “Кереметтин мышыгы” (3-китеп), “Кереметтин досу Айсулуу” (4-китеп) жана “Кереметтин эки досу” (5-китеп). Бул китептерди бекер жүктөп алса болот жана да сайттан окуса болот.
Эскерте кетсек, буга чейин сайттын китепканасына Кереметтин окуяларына байланыштуу “Керемет айылда” (1-китеп) жана “Кереметтин тоодогу бир күнү” (2-китеп) деген китептер жайгаштырылган болчу.

Сүрөттөрү сонун экен.