Жек Лондон: “Мартин Иден” (XII-XIII)
Романдан үзүндү. Калган бөлүктөрү: I, II, III, IV, V, VI, VII, VIII-IX, X-XI
XII БАП
Бир күнү кечинде Мартин мээсин тиреп жүргөн керемет элестердин тумандай бүдөмүк экенине карабай сонетке кантип киргизсем деп азаптанып отурганда аны телефонго чакырып калышты.
– Аялдын үнү. Абдан жагымдуу үн, – деди аны чакырып жатып, мыскылдагандай мистер Хиггинботам.
Мартин бөлмөнүн бурчунда турган телефонго келип, андан Руфтун тааныш үнүн укканда тула боюн ысык толкун аралап кеткенсиди. Сонет жазам деп убараланып атып, анын бар экенин да унутканын кара, бирок тааныш үн угулаары менен чагылган келип ургансып, сүйүүсү кайрадан жалындап кетти. Эмне деген керемет үн. Алыстан угулган музыкадай назиктигин жана уккулуктуулугун айт, тимеле күмүш жылаажындай шыңгырыган тазалыгычы! Жок! Мындай үн жөнөкөй аял атмайда болбойт. Бул үн теңирдин өзүнөн келип жаткандай таптакыр өзгөчө эле. Толкуп кеткен сезимдерден улам кыздын эмне деп жатканын да жакшылап уккан жок, анткени так ушул маалда ал мистер Хиггинботамдын чычкандыкындай көздөрү өзүнө тикирейе кадалып турганын байкап, сыртынан сыр алдырбаска аракеттенип жатты.
Руфь бөтөнчө эч нерсе деле айткан жок: бүгүн кечинде Норман менен ачык лекцияга барууга даярданган экен, бирок кашайып Норман бир аз сыркоолоп калыптыр, белеттер болсо сатылып алынган экен, Руфь эгерде Мартин колу бош болсо, чогуу бара алар бекен, ошону билейин деген экен.
Эгерде колу бош болсо! Мартин эмне дээрин билбей, үнү калтырап чыкканын көрсөтпөгөнгө тырышты. Уккан кулагына өзү ишенбей турду. Буга чейин ал кыз менен анын үйүндө гана жолугушуп, кызды бир жакка чакырууга даай алган да эмес эле! Телефондун туткасын кармап туруп, күтүлбөгөн жерден Руфь үчүн жанынан кечип кетүүгө да даяр экенин сезди, анын көз алдынан каармандык образдар, махабат үчүн өз жанын берген элестер чубурду. Ал Руфту жан дили менен ушунчалык күчтүү, ушунчалык чексиз, ушунчалык үмүтсүз сүйчү. Кыз менен чогуу бир жерге барарын ойлогондо жүрөгү кабынан ыргып кете тургандай сүйүнүчкө өрөпкүп кетти, кыз аны менен – Мартин Иден менен лекцияга чогуу баргысы келет турбайбы, калдалактаган Мартиндин оюна кыз үчүн жанын берүүгө даяр экенинен башка ой келбей турду ушул учурда. Бул анын кызга болгон чексиз жана чыныгы сүйүүсүнүн бирден бир далили болучу. Мындай абал махабаттын балдай даамын таткан ар бир пендеге тааныш эмеспи, – телефон менен кыска сүйлөшүп жатканда өзүн оттуу куюндай чимирилтип кеткен мына ушул жандан кечип кетчүдөй улуу сезим эле. Ал үчүн курмандыкка барууга даярмынбы, демек, бүткүл ыкласымды сүйүүгө арнап жашашым керек деген ойдо болду ал. Бул болгону жыйырма бир жаштагы жаш жигиттин алгачкы сүйүүсү эле да.
Мартин калтыраган колу менен тутканы ордуна илип, толкунданганынан шалдырай түшкөн денесин араң эле кармап турду. Чекесинен периште сүйүп кеткендей көздөрү чачырап, күнөөсү арбын кара жердин бардык ыпыластыгынан арылып тазалангандай жүзү нурданып чыкты, ушул тапта андан өткөн ыйык, наристедей күнөөсүз адам жок эле.
– Бирөө менен четтен жолугушат экенсиң да? – деген кер какшыгын салып, кышылдады жездеси. – Бул эмне менен аяктаарын билесиңби? Байка, эргул, так полициянын сотуна түшүп калып жүрбө.
Бирок Мартин муну уккан да жок, ал көкөлөп кеткен бойдон жерге али түшө элек болчу. Жездесинин мындай орой кеби да кулак сыртынан кетти. Ал азыр ар кандай ачуулануудан, туталануудан жогору эле. Дагы эле керемет элестин туткунунда магдырап турду, мындай пейили кенен абалда ал жездесине окшогон кайдагы бир макулуктарга боор ачуудан башканы сезген жок. Жадагалса, өзүн теше тиктеп турган мистер Хиггинботамды деле байкабады, түш көрүп жаткан адамдай басып, кийингени бөлмөдөн чыгып кетти. Күзгүнүн маңдайында туруп галстугун байлап атканда гана анын кулагына кандайдыр бир жагымсыз доош кирип келди. Көрсө, бул ага азыр эле угулуп жаткандай сезилген, эчак сиңип калган Бернард Хиггинботамдын каздыкындай каркылдаган кемпай күлкүсү тура.
Мартин Руфка жетип экөө чогуу сыртка чыкканда гана буга араң ишенди, бирок ошол замат дагы бир сарсанаа ойго кабылды. Кыз менен басканда кантип басуу керек экенин билбеген жаны эмне кылаарын билбей калды, мына ушул болбогон эле жагдай алдыда боло турган сейилдин кубанычын жокко чыгарганы турду. Мартин мартабалуу адамдар көчөгө чыкканда аялдарына колтуктатып алаарын көп көрчү, бирок кээде башкача да көрүп калчу, андыктан деги колтукташып качан жүрүш керек, кечкисинби, же минтип кыз менен эркек бир туугандары гана жүрөбү, ошонун айырмасын билбей башы катты.
Руфь менен тепкич аркылуу түшүп келе жатып, Мартин Миннини эсине түшүрдү. Ал саркечтенип кийингенди жанындай көргөн кыз эле. Минни ага кыз менен басып баратканда, мырза сыяктуу жөлөк жолчонун ич жагы менен эмес, сырты менен басыш керек деп үйрөткөн эле. Эсинен чыгып баратканда бутун басып коёр эле Минни. Бирок анда Мартин мындай майда-баратка башын ооруткан да эмес, аксөөктөрдө ушундай эреже болсо, өзүлөрү баса берсин деп койгон.
Ойлонуп атып акыры Мартин мындан эч кандай кырсык деле болуп кетпестир деди да, көчөгө чыгары менен Руфту алдыга өткөрүп туруп анан өзү жөлөк жолчонун сыртына чыгып ага катарлаш басты. Бирок ошол замат дагы бир көйгөй жаралды: колтуктап ал деп колун кызга сунуш кылабы же кандай? Мартин өмүрү кыз менен баратып, колтуктап ал деп суранган эмес, кыздар деле эч качан жигиттер менен колтукташып басышчу эмес. Маселен, алгачкы жолу таанышканда алар жигиттер менен катарлана эле басышчу да, анан бара-бара жакшылап таанышкандан кийин мүмкүн болушунча караңгы көчөгө салып, баштарын жигиттеринин ийиндерине жөлөп алып, жигиттер болсо алардын белдеринен кучактап басыша турган. Бирок бул жерде иш башка эле. Руфь башка чөйрөнүн кызы эле. Ошондуктан кантсем деп ойлонубатып, Мартиндин башы шишип кетмей болду.
Аңгыча башына бир ой келе калды. Мартин оң колун тимеле көнгөн кишиче акырын ийип койду эле, керемет иш болуп кетти. Руфь аны өзү эле колтуктап алса болобу. Анын денесин майда калтырак басып, ысып кеткендей болду, буттары жерден көтөрүлүп, ийиндерине канат бүткөнсүп кетти. Көп өтпөй пайда боло калган дагы бир мүшкүл маселе аны эсине келтирди окшойт. Алар көчөдөн өткөн соң Мартин эми жөлөк жолчонун ич жагында калып калбаспы. Эми дагы бир жолу ары өтсө, анан үчүнчү ирет кайра өтсө, анда эмне кылышы керек? Мартин эрежеси жогеле эч нерсе билбеген киши болумуш этсечи? Бирок бул оюна ичи чыккан жок, жөлөк жолчонун ички жагында калып калганы менен аңгемеге кызыгып орун алмаштырууну унуткан киши болуп кете берди. Руфь деле муну ушинтип түшүнөөр деди ичинен.
Бродвейде аны дагы бир жаңы сыноо күтүп турган эле. Көчө шамдарынын жарыгынан ал күтүлбөгөн жерден Лиззи Коноллини менен анын күлкүчү курбусун көрүп калды. Мартин бир аз ыңгайсыздана, олку-солку боло түштү да, анан шляпасын алып ыклас көрсөтө башын ийкеп койду. Анын өз чөйрөсүнөн уялайын деген ою жок эле, анүстүнө Лиззи Коноллиге гана башын ийкеген жок да. Кыз да ага жооп кайтарып, Руфтун назик жана ишенимдүү көз карашына таптакыр окшобогон кылыктана кылгырган көздөрү менен ата жылмайып, башын ийкегенсип койду. Анан кийин Руфту башынан аягына дейре сынай карап, кыязы, коомдук абалын да түшүнгөндөй болду. Өз кезегинде Руфь да кызды мээримдүү тиктеп, анын жупуну кийимин жана жумушчу кыздар кийгенди абдан жакшы көрчү шумдук жасалгалуу шляпасына таң кала түшкөнүн Мартин дароо байкап койду.
– Абдан сулуу кыз экен, – деди Руфь.
Мартин анын сөзүнө ыраазычылык айтайын деп ойлоп, бирок айткан жок. Жөн гана:
– Ким билет. Ар кимдин табити ар башка эмеспи; мен бул кызды аша чапкан сулуу деп айтпас элем.
– Коюңузчу! Мындай татынакай кыз миңден гана бирөө чыгат. Чырайы тимеле акактай экен. Жоодураган көздөрү да укмуш!
– Сиз ушинтип ойлойсузбу? – деди кайдыгер Мартин, анткени ал үчүн дүйнөдө бир гана сулуу бар эле, ал сулуу мына, өзү менен бирге кол кармашып келе жатпайбы.
– Эгерде ушул кызды жакшынакай кылып кийиндирип, өзүн кандай алып жүрүүгө үйрөтсө, ал бардык эркектерди, анын ичинде сизди да багындырып алмак, мистер Иден.
– Ал адегенде жөндөп сүйлөгөндү эле үйрөнүп алсынчы, – деди Мартин, – анткени анын сөздөрүнө көпчүлүк жигиттер түшүнүшпөйт. Эгерде ал сиз менен көнгөн адатынча сүйлөшө турган болсо, анын сөздөрүнүн жарымысына да түшүнбөй каларыңыз турган кеп.
– Болбогон кеп. Сиз деле өз оюн бербеген так эле Артурдай өжөр экенсиз.
– Сиз менен биринчи жолуккан кезде менин кандай сүйлөгөндүгүмдү унутуп калдыңызбы? Азыр мен таптакыр башкача сүйлөп калдым. Ошондо дал ушул кыздай эле сүйлөдүм го. Андан берки убакыт ичинде мен сиздердин тилиңерге үйрөндүм, андыктан сиз анын сөздөрүнүн бирине дагы түшүнө албайсыз деп так түшүндүрүп айта алам. Сиз эмне үчүн бул кыз өзүн мындай кармайт, билесизби? Мен эми мындай нерселер туурасында дайыма ойлоно баштадым, ал ойлор мурда башыма түк келген эмес экен. Көп нерсеге эми түшүнүп жатам.
– Эмнеге ал өзүн мындай кармайт экен?
– Бул кыздын фабрикада иштегенине бир топ жыл болду. Денеси жаш жана момдой ийилчек болгондуктан, аргасыз оор жумуштын ыгына жараша калыптанат да, ошого көнөт. Мен көчөдө жолуккан жумушчуну бир көргөндө эле анын кандай жумуш аткарарын билип коем. Мына, мени карасаңыз. Эмнеге басып баратканда мен чайпалып басам? Анткени мен өмүр бою деңизде жүргөм. Эгерде мен матрос эмес, касапчы болсом, минтип баспайт элем, бирок буттарым кыйшык болмок. Бул кыз деле ошондой. Сиз анын көз карашынын катаал экенин байкадыңызбы? Анткени ал эч качан бирөөнүн канатына калкаланып жашаган эмес. Ал дайыма кара жанын кантип багууга өзү гана кам көрүп, дайыма ойлогону ошол. Ошондуктан өзүнө өзү кам көргөн кыздын көз карашы эч качан, мисалы… сиздикиндей назик болбойт.
– Туура айтасыз, – деди акырын Руфь. – Жаман экен! Өзү татынакай экен абдан…
Руфка караса ал карапайым кызга боору ооруп, убайым тартып алыптыр, ошол замат аны ого бетер жакшы көрүп, аны менен колтукташып лекцияга бараткан бактысына жетине албай кетти.
«Мартин Иден, сен кимсиң өзүң? – деп сурады ал өзүнөн-өзү, ошол күнү кечинде үйүнө келген соң күзгүнүн маңдайында туруп. Өзүнө көпкө дейре кызыга карап турду. – Сен кимсиң, колуңан деги бирдеме келеби? Сенин ордуң каякта? Сенин ордуң Лиззи Конолли сыяктуу кыздардын жанында. Сенин ордуң котолошкон кара таман жумушчулардын арасында, сен ошол уятсыздыктын, оройлуктун, пастыктын уюгунан чыккан эмессиңби. Сенин ордуң иштей берип малга айлангандардын арасында, ыпылас көңдүн арасында. Тигине, маңдайындагы жашылчалардын таштандысы. Картөшкө жатат чирип. Ошонун сасыгын эле жыттап жата бербейсиңби жыргап коюп! Сен болсоң, көзүң кашайганча китеп тиктеп, жагымдуу музыка уккуң, кооз сүрөттөрдү көргүң келет, тилге үйрөнөм дейсиң, анан да Лиззи Коноллидей өзүңө тең кыз турса, сен жылдыздардын арасында жашаган байдын кызын сүйгүң келет э? Сен кимсиң өзү? Мунун погун жейсиңби, иттин баласы! Бул сага жакшылык апкелеби деги?»…
Ал күзгүдөн өзүнө өзү муштумун көргөзүп, анан керебеттин четине келип олтурду да, терезени телмире тиктеп көпкө отурду. Анан жаздыктын алдынан дептерин, алгебра окуу китебин алып чыгып, теңдеме чыгарганга киришти. Сааттар жылып, жылдыздар күңүрттөнүп, терезеден жаңыдан кылая баштаган таңдын мунарык шооласы түшүп баратты.
XIII БАП
Жайдын аптаптуу күндөрүнүн биринде Сити-Холл – сейил багында чогулган сөзгө чечен карапайым жумушчулардан чыккан социалисттер менен философтордун ийриминдеги талкуу күтүлбөгөн жерден Мартинди бир улуу ачылышка түрткөндөй болду. Айына эки жолу Мартин велосипед тээп алып, ушул парк аркылуу китепканага баратканда ушул жерден түшө калып, алардын кызуу талкуусун тыңшап калчу, кызыгына ушунчалык баткандыктан, кыйылып атып араң кетчү. Бул талаш-тартыштардын жалпы тону мистер Морздун үйүндөгү талкуудан алда канча айырмаланып тураар эле, талашкандар бирине бири сыпайылык көрсөтүп отурушчу эмес, жеткен богооз булар кээде заарын чачып, бирин бири ашата сөгүп да жибергенден кайра тартышчу эмес, бир эки курдай мушташып да кетишкенин Мартин көргөн. Эмнеге экенин билбейт, бирок булардын талкуусунда жан бар эле, алар Мартинге мистер Морздун катып калгансыган тең салмактуулугунан алда канча катуу таасир этчү. Англис тилин шумдуктуудай орой бузуп сүйлөгөн, көбүнесе жиндиден бетер ыма-ишара менен сүйлөгөн бул адамдар каршылаштарына аянбай чабуул жасай турган, – ошентсе да алар мистер Морз менен анын досу мистер Бэтлерге караганда алда канча жандуу да көрүнөр эле.
Герберт Спенсердин ысмын Мартин бир нече жолу ушул жыйындардан укту. Бир күнү ал жакка анын шакирти менен жолун жолдоочусу – ичинде көйнөгү жок экенин билдирбес үчүн кыкыйта топчуланып алган тытык күрмөчөн селсаяктан айырмасы жок куучуйган бирөө келиптир. Булар көрүнөр замат үстөккө босток тартылган тамекинин көпкөк ыш түтүнүнө, какырык менен түкүрүккө карабай башкы салгылашуу – философиялык талаш от алып кетти, жанагы селсаяк өлөрман неме экен, улам бир чабуулдун мизин билгичтик менен кайтарып, жадагалса, социалист – жумушчулардын ичинен бирөө келекелеп: «Таанылбастыктан башка кудай жок, Герберт Спенсер анын пайгамбары!» – деп кыйкырып жибергенде да келиштирип туруп жооп бергенге жарады. Талаштын эмне туурасында болубатканына Мартин түшүнө берген жок, бирок Герберт Спенсер деген ким болду экен деп кызыгып калып, китепканага жеткенде «Негизги башталыштар» аттуу китепти сурады, анткени талаш убагында жанагы селсаяк улам ушул китептин атын айтыбаткан.
Ачылыш болбосоң кое кал! Болгондо да бул улуу ачылыштын башталышы болду. Мартин буга чейин бир жолу Спенсерди окууга аракеттенип көргөн жайы бар, бирок «Психологиянын негиздери» деген татаал чыгармасын тандап алган экен, башка философ айым Блаватскаяны түшүнбөгөндөй эле аракети дагы текке кетти. Окуп атып эч нерсе түшүнө албай, акыры китепканага кайра өткөрүп берди. Бул күнү кечинде алгебра менен физикадан соң сонет жазам деп көпкө кыйналып отуруп, анан керебетине жатты да «Негизги башталыштарды» ачып окууга киришти. Таң атса да китептен көзүн алган жок. Уйку деген кайда жоголгонун сезбеди, күн бою колуна калем кармабады. Капталы ооруп чыкканга чейин окуду, анан төшөгүнөн турду да жылаңач полго жатып алып китепти бирде төбөсүнө кармап, же кырынан чыканактап жатып алып окуй берди. Экинчи түнү уктады да тураары менен жазайын деп отурду, бирок китептин кумары ушунчалык азгырып алгандыктан, баары жоктун баарын унуткарып, кайра эле китеп окууга киришип кетти. Жадагалса, кечинде Руфь күтөөрү да жадынан чыгып кетти. Качан гана Бернард Хиггинботам эшикти ачып кирип келип, бирдеме деп күңкүлдөгөндө гана ал эсине келди. Эмне тамакка түшпөйсүң, же мени даяр тамак жеткирип берчү ресторан кармайт деп ойлойсуңбу дебаткан экен көрсө.
Мартин дайыма бирдемени билгенге ынтызарлыгы менен айырмалана турган. Баарын билгиси келгендиктен, бир чети матростук кесипти да ушундан улам тандап алган эле. Эгерде деңизден деңиз кыдырып кетпегенде, көп нерсени билбей да калмак экен. Азыр да Спенсерди окубатып, дагы эле эч нерсе билбей турганын түшүндү, канчалык деңиз кыдырганы менен муну эч качан биле алмак эмес экен. Ал өзүн курчап турган дүйнөгө үстүртөн гана карап, байкаган ар кандай чачыранды кубулуштарды гана кээде жалпылап жүргөн тура. Дүйнөдөгү болуп аткан иштерди кокустуктардын гана чынжыры деп эсептеп, алардын ортосундагы өз ара байланышка түк маани берген эмес экен. Мисалы, учуп бараткан куштарды карап туруп, алардын учуу механизмдери туурасында гана ой жүгүртчү; бирок бул көрүнүштү эч качан жалпылап ойлонуп көрбөптүр, дегеле учуп жүрүүчү тирүү жандыктардын пайда болушуна алып келген өнүгүү процесси туурасында дегеле ойлонбогон экен. Мындай процесстин бар экени оюна да келген эмес. Куштар өнүгөт дегенди ким билиптир, ал барбы, бар, кептин болгону ушул эле.
Дал ушул куштар жөнүндө анын ою кандай болсо, башка бардык нерселер жөнүндө да ошондой эле. Билими менен ой жүгүртө билүүсүнүн жоктугунан анын философиялык жыйынтык жасасам деген бардык аракети оңунан чыкпады. Канттын орто кылымдык метафизикасы ага эч нерсени ачып бералган жок, тесерисинче, өзүнүн акылынын чабалдыгына дагы бир жолу шек жаратты. Ромсистин атайын китеби боюнча теориянын эволюциясын окуп баштап ушундай эле абалга туш болду. Бул китептен бир гана түшүнгөнү бул – эволюция деген оюндагысын кургак, дөөдүрөк тил менен баяндоого көнгөн бышыктардын ойлоп тапкан негизи жок теориясы имиш. Мартин эми бул теория чынында таптакыр жылаңач теория эмес, жалпыга маалым өнүгүү мыйзамы экенин көрдү. Эгерде бул маселе боюнча окумуштуулар ортосунда талаш жүрө турган болсо, анда эволюциянын формалары жөнүндөгү жекече маселелери боюнча гана болушу мүмкүн тура.
Мына эми, Спенсер деген адам чыгып, мунун баарын бириктирип бир системага келтирди, анан корутундусун чыгарды да Мартинди таңгалдырып, түшүнүктүү, тартипке салынган дүйнөнү алаканга салгандай көрсөтүп берди; көрсөткөндө да ал матростор колго кооздоп жасап, анан айнек банканын ичине салып алып тыйынга сатышчу кеменин кичинекей моделин элестеткендей, даана көрсөттү. Мында эч кандай күтүлбөгөн же кокус нерселер жок эле. Баарысында мыйзам бар эле. Куш да ушул мыйзамга баш ийип учат экен, формасы жок кан кыймылга келип, ары-бери чоюлуп отуруп, канаты, анан таманы пайда болот экен да куш дүйнөгө жаралат тура.
Акыл жашоосуна оогону Мартин улам бир чокудан кийинкисине жүрүп отуруп, эми эң бийигине жеткендей болду. Ал күтүлбөгөн жерден заттардын сырдуу маңызына сүңгүп кирип, жаратылыштын сырларын ачуу аны мас кылып жибергенсиди. Түнкү көргөн түштөрүндө кудайлар менен жашап, эсти оодарган не бир улуу көрүнүштөр артынан ээрчип жүргөндөй эле. Күндүзү болсо Спенсер ачкан дүйнөнү гана көрүп, делбетаптай басып калды. Тамак ичип олтурганда да тиричиликтин көйгөйлөрү туурасындагы майда-барат сөздөр кулагына кирбей, акылы тынымсыз көз алдындагы бардык нерселердин себептүү байланыштарын аныктоо менен гана алпурушчу болду. Тарелкада жаткан эттен да күндүн нурун көрүп, анын баштапкы жаралып чыккан булагына чейинки миллиондогон чакырымдарга көз чаптыргысы келет, анан өзүнүн булчуңдарын кыймылга келтирип, аны эт кесүүгө мажбур кылган күч жана аларга буйрук берип турган өзүнүн мээси жөнүндө кайрадан күндүн энергиясы жөнүндөгү ойго келип такалганга чейин ойго бата берет. Мартин ушунчалык терең ойго батып кеткен экен, Жимдин: «Бул айнып калган го» деген сөзүн уккан жок, эжесинин кабатырлана карап калганын да байкабады, Бернард Хиггинботамдын болсо сөөмөйүн чыкыйына такап айландырып койгонуна да көңүл бурган жок.
Мартинди баарынан да таңгалдырганы – бардык илимдердин өз ара байланышы болду. Ал дайыма эле билимге ынтызар болгондуктан алган билиминин баары мээсинин өзүнчө бир клеткасына чогулуп аткандай эле. Маселен, бир клеткасында деңиздеги сүзүү туурасында абдан эле арбын, бирок үзүл-кесил маалыматтар чогулуп кетсе, башкасында аялдар бар эле. Бирок бул эки клетка эзели бири менен бири катыша албаган. Анткени аялдардын долулугу менен бороондуу күндөгү кеменин чайпалышынын ортосунда байланыш бар деш Мартинге дегеле мүмкүн эмес нерседей же дөөдүрөк кептей эле. Бирок Герберт Спенсер азыр эле мында эч кандай дөөрүгөндүк жок экенин гана эмес, тескерисинче, бул эки кубулуштун ортосунда байланыштын өзү болбой коюусу мүмкүн эместигин далилдеп бербедиби. Дүйнөдө баары, асман тереңдигиндеги алыскы жылдыздардан тартып, адамдын таман алдында жаткан кумдун ар бир бүртүгүнө чейин бири-бири менен тыгыз байланышта тура.
Бул Мартинди дайыма таңгалдырып, эсин оодаргандыктан, эми ал тынымсыз жер планетасындагы заттар менен кубулуштардын жана башка планеталардагы да өз ара байланышын издеп табуу менен алектенчү болду. Өзүнчө ар түркүн нерселердин бүтүндөй тизмесин түзүп алып, алардын ортосундагы байланыштарды тактап, аныктаганга чейин жаны жай албас болду. Ошентип атып махабаттын, поэзиянын, жер титирөөнүн, оттун, калдыркан жылаандын, радуганын, асыл таштардын, майыптыктын, күндүн батышы, арстандын айкырышы, күйүүчү газдын, киши этин жегендердин, сулуулуктун, адам жанын кыюунун, ойноштордун, таяныч чекиттердин жана тамекинин ортосундагы өз ара байланыштарын аныктады. Эми аалам анын көзүнө бүтүн бирдиктүү нерсе болуп көрүнүп, ал анын булуң-буйткаларын, сырдуу чытырман туюк токойлорун, аралап, мурда эч ким ишке ашыра албаган максаттарды көздөй өларманданган өжөрлүк менен бара жатты; баратканда да жолунан адашкан жолоочудай болбой, эч нерсени көз жаздымында калтырбаган, байкагандарынын баарын картага тыкандык менен түшүрүп бара жаткан байкоочу – саякатчы сыяктуу болуп сапар тартып баратты. Канчалык көптү билген сайын, ошончолук бул дүйнөгө жана анда жашап жаткан өз өмүрүнө суктануусу артты.
– Эх, чалагайым! – деп кыйкырды ал өзүнүн күзгүдөгү түспөлүнө, – жазам, кыйратам дедиң эле, жазып да көрдүң, бирок жаза турган нерсең жок экен го! Жаза турган эмнең бар эле? Түшүнүгүң баланыкындай, сезимиң бышып жетилген эмес, сулуулукту деле кыйратып баалаганды билбейсиң, жүрөгүң болсо махабаттан жарылып кетүүгө даяр, өзүмчүлдүгүң башыңан ашып турат, дагы эле наадан бойдонсуң. Анан жазам дейсиң! Эмнени жазыш керек экенин эмитен гана билип келатпайсыңбы? Сулуулукту жаратам дедиң, өзүңдө болсо сулуулуктун табияты туурасында ныпым түшүнүк жок. Маани-маңызын өзүң билбей туруп, жашоону жазам дедиң. Дүйнөнү жазам дедиң, ал болсо сага кытайдын ийме-кыйма катындай баш оорутма эле. Эмнени жазсаң да наадандыгыңды дагы бир жолу көрсөттүң. Бирок чөкпө, Мартин балакай! Сен али дагы жазасың. Эми бирдемени билип калдың, азыраак болсо да сен туура багыт тандадың, жакында мындан да көптү билесиң. Эгерде башың аман болсо, бир кезде барып сен билбеген эч нерсе калбайт, баарын билесиң. Мына ошондо жазганды көрүп ал!
Өзүнүн улуу ачылыш жөнүндөгү кубанычы менен таңгалганын жетине албай Руфка сүйүнчүлөдү эле, бирок кыз буга салкын карап, өтө токтоо кабыл алды. Кыязы, ал мунун баарын эчак эле билип алган окшобойбу. Руфтун мындай мамилеси аны таң калтырган жок, анткени өзүнө шумдук сезилген ачылыш ага жаңылык деле болбосо керек да. Кийин билсе Артур менен Норман экөө тең эволюциялык теориянын жактоочулары тура, анчалык зор таасир этпесе да Герберт Спенсерди окушкан экен. А берки көз айнекчен жигит Вилли Ольни болсо Спенсердин атын укканда, текебер күлдү да Мартин баягыда уккан: «Таанылбастыктан башка кудай жок, Герберт Спенсер – анын пайгамбары» деген укумчул сөздү кайталады.
Бирок Мартин бул Олни деген неме Руфка ашык эмес экенин түшүнгөндөн кийин, анын жанагы келекесин кечирди. Анан мамиледеги майда-барат фактылардан улам Олни Руфту сүймөк тургай, экөөнүн таптакыр эле мунасасы келишпеси анык болду. Ушундай кызды кантип сүйбөйт деп Мартиндин башы маң. Бул ааламдагы башка кубулуштар менен эч байланыштырып болбогон феномен эле. Алтургай Мартин бул жигитчеге боору да ооруп кетти, анткени анын табиятындагы кайсы бир кемчилик Руфтун сулуулулугу менен жароокерлигин баалоого тоскоол болгонбу деген ойго кетти. Ар жекшембиде алар чогуу велосипед тебишер эле, мына ушул сейилдердин учурунда Мартин Руфь менен Олнинин кайнаса каны кошулбай турганына көзү анык жетти. Олни Руфь, Артур жана Мартин үчөөн таштап коюп, көбүнесе Норман менен достошконуна Мартин өтө ыраазы болду.
Бул жекшемби Мартин үчүн тимеле эки эселенген майрам болду, анткени – Руфь менен сейилдесе, бир жагынан анын чөйрөсүндөгү жаштар менен таанышып аралашты. Үзгүлтүксүз окуган булар билимдүү болгону менен Мартин өзүн булардан кем калышпай турганын сезди; ошентсе да алар менен аңгемелешүү ага туура сүйлөгөнгө жакшы практика болуп берди. Өзүнүн байкагычтыгына ишенген Мартин этиканын эрежелери турасындагы китепти эчак эле окубай койгон эле. Ал кээде гана бөлөк нерсеге алаксып кетпесе, калган учурда жанындагы жолдошторунун бардык кылык-жоруктарына, кыймылдарына, сүйлөгөн сөздөрүнө чейин дыкат көңүл буруп, алардын бири-бирине кылган мамилелерин ийне-жибине чейин калтырбай эсине сактап калууга аракеттенип жатты.
Мартинди баарынан таңгалдырганы элдин баары эле жабылып Спенсерди окубаганы болду. Аны акылы ченемсиз улуу адам деген китепканачынын өзү деле аны жакшы биле бербейт окшобойбу. Бир күнү Морздордун үйүндө түштөнүп отуруп Мартин мистер Бэтлердин көзүнчө Герберт Спенсер жөнүндө кеп кылып калды. Мистер Морз бул англиялык философтун идеалисттик теориясын катуу сынга алды да, анын «Негизги башталыштарын» окубагандыгын эскерте кетти, ал эми мистер Бэтлер болсо, Спенсердин чыгармалары аны эриктирип жиберерин жана бир дагы барагын акырына чейин окуй албасын, Спенсери жогеле оокат кыла турганын саймедиреди. Мартин бир азга олку-солку боло түштү, эгерде ал мындай өзгөчө жан болбогондо, балким булардын оюна багынып, Спенсерди окугандан баш тартып да коймок беле, бирок Спенсердин дүйнө таанымы ага бирден бир талашсыз чындыктай көрүнүп, андан баш тартуу Мартинге деңиздеги матрос картасы менен компасын сууга ыргытып жибергени менен барабар эле. Ошондуктан Мартин эволюция теориясын үйрөнүүнү улантты, улам барган сайын аны тереңдеп окуп, Спенсердин көз карашын кубаттаган миңдеген башка жазуучулардын чыгармаларын тапты. Ал канчалык бат окуп үйрөнгөн сайын, ага илимдин али изилдене элек тармактары ошончолук ачылып баратты, философиянын кызыгына батып алганы ушунчалык, Мартин бир суткада жыйырма төрт гана саат бар экенине да өкүнө турган болду.
Бир күнү ал күндүн кыскалыгын эске алып, алгебра менен геометрияны таштап салгысы келди. Тригонометрияны болсо, али колуна да кармай элек болчу. Анан тизмесинен химияны да сызып таштап, физиканы гана калтырды.
– Мен адис эмесмин да, – деди ал бир күнү Руфка актангандай, – адис болоюн деген оюм да жок. Ал эми илим деген ушунчалык көп экен, анын баарын үйрөнүп чыгууга адамдын өмүрү да жетпейт. Мен жалпы билим алгым келет. Эгер мага атайын билим керек болсо, мен аларды китептерден эле окуп үйрөнө алам.
– Бирок бул билимди өз күчүң менен алганга таптакыр жатпайт, – каршы чыкты Руфь.
– Эмнеге аны алыш керек? Биз ар дайым адистердин эмгектеринен пайдаланабыз да. Алар ошончүн адистер эмеспи, эгерде андай болбосо, адистердин эмне кереги бар? Сиздикине келип, мен мор тазалагычтардын иштеп жатканын көрдүм. Алар деле адистер, өз ишин бүткөндөн кийин, силер мештин түзүлүшүн билбесеңер деле тазаланган куурларды пайдалана аласыңар.
– Койчу, ушуларды да адис деп!
Руфь ага жактырбагандай карап койду, Мартин анын көз карашынан жана үнүнөн зекүүнү байкады. Бирок ал өзүнүкү туура экенинен эч бир шектенген жок.
– Жалпы маселелерди ойлонгон бардык ойчулдар, бардык акылы жетик адамдар адистердин эмгектеринен пайдаланышкан. Герберт Спенсер да ошенткен. Ал миңдеген окумуштуулардын ачкандарын жалпылап чыккан. Мунун баарына ал миң жыл жашаса да жетмек эмес. Дарвин деле ушундай. Ал багбандар менен малчылардын изилдөөлөрүн пайдаланган.
– Туура айтасыз, Мартин, – деди Олни, – сиз эмне кааларыңызды билесиз, Руфь болсо билбейт. Өзүнө эмне керек экенин деле билбейт болушу керек. Ооба, ооба, – деди ал каршы чыгууга Руфка мүмкүндүк бербей сөзүн улантып, – билип турам, сиз муну жалпы маданияттуулук деп атайсыз. А мындай маданияттуулукка жетишүү үчүн эмнени билиш керек, баары бир эмеспи. Сиз француз тилин үйрөнсөңүз да, немис тилин, же болбосо эсперантону үйрөнсөңүз да – баары бир «жалпы маданиятка» жетишесиз, туурабы? Же болбосо, эч колдонбосоңуз деле грек менен латын тилдерин үйрөнөсүз дейли. Мында деле маданиятка жетишкен болосуз. Мына Руфь деле эки жыл мурда англо-саксондук тилди жакшы эле үйрөнүп алган болучу, азыр эми «жыпар жыттуу апрель айынын жамгыры кандай сонун» деген бир сүйлөмдөн башка бир да сөзү эсинде жок, унутуп салган. Ушундайбы, Руфь? Алган «жалпы маданиятыңыз» ушул, – деп күлүп жиберди ал Руфка каршы чыгууга мүмкүндүк бербестен. – Билем, билем. Экөөбүз бир курста окубадык беле.
– Сиз маданият туурасында максат эмес, каражат деген сыяктуу сүйлөп жатасыз! – деп кыйкырып жиберди Руфь. Анын көздөрү жылтылдап өңү кызара түштү. – Маданият өзүнчө баалуу нерсе.
– Бирок Мартинге мунун кереги жок.
– Сиз кайдан билесиз?
– Мартин, сизге эмне керек? – деди Олни шак эле ага бурулуп.
Мартин ыңгайсыздана түштү, бирдеме деп койчу буга дегенсип Руфту жалдырай карады.
– Ооба, Мартин, айтыңыз сизге эмне керек экенин, – деди Руфь, – Бул биздин талашыбызды чечет.
– Албетте, мага маданият керек, – деди Мартин чечкинсиз. – Мен сулуулукту сүйөм, ал эми маданият болсо, мага бул сулуулукту жакшыраак баалоого жана түшүнүүгө мүмкүндүк берет.
Руфь салтанат курган түр менен башын ийкеди.
– Болбогон кеп! Сиз муну өзүңүз да жакшы түшүнүп турасыз, – деди Олни. – Мартин маданиятка эмес, мансапка жеткиси келип олтурат. Анын карьерасынын маданиятка байланыштуу болгону кокустан гана дал келишип отурат. Ал химик болгусу келсе, маданияттын ага кереги деле жок болмок. Мартин жазуучу болгусу келет, бирок сизди талаштан утулуп калбасын деп айткысы келбей турат. А эмне үчүн Мартин жазуучу болгусу келет?- кебин улады Олни. – Себеби анын материалдык абалы начар. Эмнеге сиз англо-саксон тилин үйрөнүп «жалпы маданиятка» жетишүүгө аракеттендиңиз? Анткени сиз келечек үчүн башыңыз оорубайт, анткени баарына атаңыз кам көрүп койгон. Ал сизге көйнөккө чейин сатып берет, калганын да жасайт. Сиз, мен, Артур, Норман баарыбыз алган билимден не пайда? Баарыбыз азыр «жалпы маданиятка» кокодон тоюп турабыз, эртең непадам аталарыбыз сызга отуруп калса, биз мектептин мугалимдигине да жарабай калабыз. Руфь ашып кетсе кыштак мугалими болмок, же кыздардын мектебинде музыкадан сабак бермек.
– Сиз эмне кылар элеңиз анда? – сурап калды Руфь.
– Эмне кылмак элем. Кара жумуш иштеп, күнүнө бир жарым доллар табат элем, же болбосо, ганлейдик бирикмеге инструктор болуп кирээр элем, – иштээр элем дебей «кирээр элем» деп жаткан себебим, бир жума өткөндөн кийин, балким мени, жарабайсың деп иштен кууп да чыгышмак.
Мартин ичинен Олнинин пикирин туура көрүп унчукпай отурду, бирок анын Руфту урматтабаган мамилесин жактырган жок. Бул талаштын жүрүшүндө анын оюнда махабат жөнүндө жаңы көз караштар төрөлгөндөй болду. Акыл-эс сүйүү ишине аралашпоого тийиш. Сүйгөн кызың бир нерсени туура түшүнөбү же туура түшүнбөйбү, кеп анда эмес. Сүйүү акылдан күчтүү. Руфь бул учурда Мартин үчүн мансаптын мынчалык маанилүү экендигин» туюнбаса да мындан сулуулугу кемий түшкөн жок. Руфь чүрөктөй кыз эле бирок азыр анын ойлоп турганы буга эч кандай тиешеси жок болчу.
– Эмне дедиңиз? – деди Мартин өзүнүн оюн күтүлбөгөн жерден бөлүп жиберген Олниге бурулуп.
– Мен, балким, сиз латын тилин үйрөнгүңүз келбейт ко дебатам.
– Латын тили, – деди Руфь Олнинин сөзүн бөлүп, – маданиятка гана жеткирбестен, акылды да машыктырат.
– Демек, кандай дейсиз, Мартин, латын тилин үйрөнөсүзбү? – такып калды Олни.
Мартин ыңгайсыз абалда калды. Анын үстүнө Руфь да чыдамсыздык менен жооп күтүп турган эле.
– Менин убактым жетишпейби деп корком, – деди Мартин акырында. – Үйрөнөр элем, бирок менин убактым жетишпейт.
– Түшүндүңүзбү эми, Мартинге сиздин «жалпы маданиятыңыздын» таптакыр кереги жок! – деди Олни. – Ал өзүнө эмне керек экенин жакшы билет жана ошого жетишет.
– Ооба, бирок бул акылды машыктыруу жана тартип эмеспи! Латын тили акылды тартипке салат! – бул сөздөрдү айткан Руфь кеп нугун өзгөртсөңчү дегендей Мартинге карап калды. – Сиз оюнчулардын мелдеш башталаар алдынан машыккандарын көрдүңүз беле? Латын тили да ойчулдар үчүн дал ошондой машыгуу болуп эсептелет.
– Былжыр кеп! Бизге муну бала чактан башыбызга куюп коюшкан! Бирок бизге өз убагында айтканды унутуп калышкан бир чындык бар, – деди Олни, ошол замат айткандарым кандай таасир этип атат дегендей, бир саамга токтой түштү да, анан салтанаттуу түрдө мындай деди: – Латын тилин жентельмен үйрөнүүгө тийиш, бирок аны билүү ага шарт эмес.
– Бул туура эмес! – кыйкырып жиберди Руфь. – Сиздин бардык кепти тамашага айландырып жиберериңизди билгем.
– Бирок ии десеңиз, менин тамашам куйкумдуу бекен! – деди Олни маанай көтөрүлө түшүп, – анүстүнө бул чындыкка жараша тамаша, латын тилин билгендер – булар аптекачылар, адвокаттар анан латын тилинин мугалимдери гана. Эгерде Мартин ушулардын бири болгусу келсе, анда мен сөзүмдү кайра алайын. Бирок мында Герберт Спенсердин кандай тиешеси бар? Мартин болсо Спенсерди жаңы эле ачып, болуп көрбөгөндөй суктанып алыптыр. Себеп? Себеби Спенсер ага бирдеме берди да. Ал эми Спенсер сизге да, мага да эч нерсе бере албайт. Себеби, бизге эч нерсенин кереги жок. Сиз болсоңуз бир күнү күйөөгө чыгып кете бересиз, менин болсо кыларга ишим жок калат, себеби менин ишимди түрдүү агенттер аткарышат, алар кала берсе, атамдан калчу байлыктын да камын көрүп коюшат.
Муну айткан Олни эшикке чыгып бара жатып босогодон токтой калды да акыркы огун атып калды:
– Руфь, Мартинди жайына койгулачы. Өзүнө эмне керек экенин ал жакшы билет. Караңызчы, ал эмнеге жетише алды. Кээде анын кайраты мени уялганга аргасыз кылат. Ал азыр дүйнө, жашоо-турмуш жана адамдын орду, максаты жөнүндө Артур менен Норманга, сиз же мага караганда, маданияттуу, тил билген биздин баарыбызга караганда алда канча көбүрөөк билет.
– Бирок Руфь менин мугалимим, – деди мырзалыкка сала Мартин, – мен эмнени билсем, анүчүн Руфка милдеттүүмүн.
– Болбогон кеп! – Олни Руфту жактырбагансып бурула карады. – Мүмкүн сиз мага Спенсерди да Руфтун кеңеши менен окудум дээрсиз. Руфь чынында, Дарвин менен эволюция жөнүндө мен Соломон падышанын алмаз кени жөнүндө канча билсем, ошончо гана билет. Эсиңиздеби, бир нече күн мурун сиз бизди Спенсердин бүдөмүктүк, байкалбастык жана бир кылкалуулук туурасындагы айтканын чечмелеп берип баарыбыздын оозубузду ачырдыңыз эле го. Мына ошону азыр Руфка түшүндүрүп көрүңүзчү, ал сизди түшүнөр бекен, же түшүнбөс бекен? Көрбөйсүзбү, бул «маданият» эмес да! Ээ-э! Уксаң Мартин, эгерде сиз латын тилин жаттап кирчү болсоңуз, анда менин сизге карата болгон урматым жокко чыгат.
Бул сүйлөшүүнү кызыга угуп олтурганы менен Мартин бирдемеге ичи чыкпай турду. Аңгеме окуу, сабактар, билимдердин негиздери жөнүндө жүрүп, бирок мектеп окуучуларынын талашындай болгон анын мазмуну – Мартинди терең ойго түрткөн, ичинде ойгонуп келаткан күчтөн толкундаткан чоң маселелерге теңешпей турду. Ал өзүн буга чейин таанып билбеген чоочун өлкөгө барып калган, бирок ал жактын көз жоосун алган сулуулугун жергиликтүү жапайы тургундардын тили менен сүрөттөөгө далбас уруп аткан акындай элестетип турду. Дүйнөлүк улуу акыйкатты таанып билүүгө азаптана умтулганын сезгени менен анын ордуна – латын тилин үйрөнүү керекпи же жокпу деген баланыкындай болбогон кыжың-мужуңду угуп отурду.
– Латын кайсы кара текеге керек! – деди ал ошол күнү кечинде күзгүнүн маңдайында отуруп өзүнө өзү. – Өлүк деген өлүк бойдон калууга тийиш. Бирок, менин буга кандай тиешем бар? Мына сулуулук деген түбөлүк жана ар качан жандуу. Тилдер пайда болот анан жок болот. Алар – өлүктөрдүн күлү.
Ал өз оюн туура түзүүгө үйрөнүн сезип, кубанып кетти да, төшөгүнө жатып атып, эмне үчүн Руфтун жанында бул шыгы кайда жоголуп кетерин түшүнгүсү келди. Кыздын жанында ал мектеп окуучусуна айланып, тили да окуучунукундай болуп калчу.
– Мага убакыт бергилечи, – деди ал үн чыгара. – Убакыт гана бергилечи.
Убакыт! Убакыт! Убакыт! Оозунан түшүрбөгөн жалынычы ушул эле.
(уландысы бар)
Которгон Бахтиер Шаматов
