Кереметтин жоруктары тууралуу китептер китепканабызга кошулду
Сайтыбызда катталган алгачкы авторлорубуздун бири, балдарга арналган чыгармаларды жаратып келген Жылдыз Бекболотованын жаңы чыккан 2 китеби: “Керемет айылда” (1-китеп) жана “Кереметтин тоодогу бир күнү” (2-китеп) сайтыбызга жайгаштырылды.
Китептеридин аталышы айтып тургандай эле, бул китептерде шаарда төрөлүп өскөн Керемет деген кичинекей кыздын жоруктары баяндалат. Чыгармалар ата-энелер балдарына окуп берүүсү үчүн.
Кагаз түрүндөгү китептерди алгысы келгендер автордун өзүнө +43 650 3545625 ватсап номуру аркылуу кайрылсаңыздар болот.
