| |

Орхан Памук: “Менин Атым Кырмызы” (10)

5/5 - (1 добуш)

(роман) 

(Уландысы.  1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9

10. Мен даракмын

Мен бир даракмын. Абдан жалгызмын. Жамгыр жааган сайын ыйлайм. Кудай үчүн, эми айта турган сөздөрүмө кулак салып койгула. Кофеңерди ууртап, уйкуңарды качырып, көзүңөрдү чоң ачып, мага жин сымал сергек карагылачы, анан мен эмне үчүн мынчалык жалгыз экенимди айтып берем.

1.

Балким «уста жомокчунун аркасында жөн эле дарактын сүрөтү илинип турсун деп, сапатсыз катуу кагазга шашылыш тартып коюшкан» деп ойлоп жатышса керек. Анысы деле чын.

Азыр жанымда башка назик дарактар да жок, жети жалбырактуу талаа чөптөрү да жок, кээде шайтанга же кишиге окшоп кеткен буралган кара аскалар да көрүнбөйт, асманда ийри-буйру болуп созулган кытай булуттары да жок. Бир жер, бир асман, бир мен жана бир гана көк жээк (горизонт) сызыгы бар. 

Бирок менин таржымалым мындан алда канча татаал.

2.

Дарак болгон соң сөзсүз түрдө бир китептин бөлүгү болушум шарт эмес. Бирок дарактын сүрөтү катары кайсы бир китептин барагына таандык болбой калганым тынчымды алат.

Эгер мен китеп ичинде кандайдыр бир окуяны, маанини билдирбесем, анда бутпарастар менен каапырлардай болуп, сүрөтүмдү дубалга илип алып, мага таазим кылып, сыйынып кетишеби деп корком. 

Муну эрзурумдук кожолор укпасын кокуй, кээде ушундан улам ичимден жашыруун сыймыктанам, анан ошол эле замат уялып, катуу коркуп да кетем.

3.

Бирок жалгыздыгымдын негизги себеби башка: кайсы окуянын бөлүгү экенимди өзүм да билбейм.

Мен бир баянга тиешелүү болушум керек эле. Бирок дарактан үзүлүп түшкөн жалбырактай болуп, ошол баяндан бөлүнүп калдым.

Эми ошол жөнүндө айтып берейин.

ДАРАКТАН ҮЗҮЛҮП ТҮШКӨН ЖАЛБЫРАКТАЙ ӨЗ БАЯНЫМДАН АЖЫРАП КАЛГАНЫМДЫН ОКУЯСЫ

Персиянын шахы Тахмасп — Осмон мамлекетинин эң чоң душманы эле, ошол эле учурда дүйнөдөгү көркөм сүрөттү өтө жакшы көргөн падышалардын бири болчу.

Мындан кырк жылдай мурда абдан карып, акылынан айный баштаганда ал эң оболу көңүл ачуудан, шараптан, музыкадан, поэзиядан жана сүрөт өнөрүнөн көңүлү калды. 

Кофеден да баш тарткандан кийин акылы мурдагыдан бетер тунарып, кабагы ачылбаган карылыктын күмөнүнө жетеленип калды. Осмон аскерлеринен алысыраак болсун деп борборун ошол кездеги Персиянын ээлигиндеги Тебризден Казвинге көчүрдү. 

Кийин ого бетер карыганда бир күнү жин тийгенсип кайгы тартып, шараптан да, сулуу уландардан да, сүрөт өнөрүнөн да түбөлүк баш тарттым деп касам ичти. Бул болсо анын кофеден кийин акыл-эсин да жоготконунун эң мыкты далили эле. 

Ошентип, жыйырма жыл бою Тебризде дүйнөнүн эң сонун кереметтерин жараткан чебер китеп мукабачылары, каллиграфтар, алтын жалатуучулар жана сүрөтчүлөр чымчыктын туш тарапка тарап кеткен балапандарынан бетер көрүнгөн шаарларга тентип кетишти. 

Алардын эң таланттууларын Шах Тахмасптын жээни жана күйөө баласы Султан Ибрахим Мирза өзү башкарган Мешхед шаарына чакырып, өзүнүн сүрөтканасына жайгаштырды. Ал улуу акын Жаминин «Хафт Авраң» аттуу жети дастанын көчүртүп жаздырып, ичине сүрөт тарттырып, беттерин кооздотуп укмуш китеп жасата баштады.

Бирок жээнин жакшы көрсө да ичи күйгөн, кызын ага бергени үчүн өкүнгөн Шах Тахмасп бул китеп тууралуу укканда көрө албастыкка алдырып, Ибрахим Мирзаны адегенде Каин шаарына, андан кийин андан да кичинекей Сабзавар шаарына сүргүнгө айдап жиберди.

Ошентип, Мешхеддеги сүрөтчүлөр менен катчылар да башка шаарларга, башка өлкөлөргө, башка султандардын жана ханзадалардын өнөрканаларына тарашты.

Бирок кереметтин өзү ушул болду: Ибрахим Мирзанын улуу китеби бүтпөй калган жок.

Анткени анын чыныгы күйөрманы болгон бир китепкөй кызматчысы бар эле.

Ал атка минип алып, эң мыкты алтын жалатуучу кайсы шаарда болсо ошол жакка жөнөйт. Ширазга чейин барып, андан кийин эң көркөм насталик (1) жазуусун жазган катчы үчүн эки баракты Исфаханга алып келет.

Андан соң тоолордон ашып Бухарага жетип, өзбек ханынын кызматындагы атактуу сүрөтчүгө композициясын түздүрөт, адамдардын жүздөрүн тарттырат.

Кийин кайра Гератка барып, көзүнүн курчу кеткен кары усталардын бирине чөптөр менен жалбырактардын ийри-буйру сызыктарын эсинен чыгарбастан түшүртөт.

Андан соң дагы бир каллиграфка кайрылып, сүрөттөгү эшиктин үстүндөгү жазууну алтын сыя менен жаздырат.

Андан кийин түштүккө, Каинге кайтып келип, жарым жылдык жол жүрүп араң бүткөн баракты Ибрахим Мирзага көрсөтүп, анын мактоосуна арзыйт.

Акыры минтип отуруп китеп эч качан бүтпөй турганын түшүнүштү.

Ошондо татар чабармандарын жалдашты.

Ар биринин колуна белгилүү бир барак жана ошол баракка эмне тартылып, эмне жазылышы керектигин түшүндүргөн кат беришти.

Ошентип, Персиядан, Хорасандан, өзбек жерлеринен жана Мавераннахрдан китеп барактарын ташыган чабармандар ары-бери өтүп турушту.

Китеп жаратуу иши да ылдамдай баштады.

Кээде элүү тогузунчу барак менен жүз алтымыш экинчи барак кар калың жааган түндө, тышта карышкыр улуп турган кербен сарайда жолугуп калышар эле. Бири-бири менен сүйлөшүп отуруп, бир эле китеп үчүн кызмат кылып жатышканын билип, алып жүргөн барактары дастандын кайсы жерине дал келерин аныктоого аракет кылышчу.

Мен да бүгүн бүттү деп кайгы менен уккан ошол китептин бир барагында болушум керек эле.

Тилекке каршы, суук кыштын бир күнү мени көтөрүп бараткан татар чабармандын жолун каракчылар тосуп алышты.

Адегенде аны сабашты.

Андан кийин каракчылардын адаты боюнча тоноп киришти.

Андан соң зордуктап, ыймансыздык менен өлтүрүп салышты.

Ошондуктан мен өзүм да кайсы барактан ажырап калганымды билбейм.

Силерден суранам: мени карап, айтып бергилечи.

Мен Лейланын чатырындагы койчу кейпине кирген Мажнунга көлөкө болуп турушум керек беле? 

Же үмүтүн жоготкон адамдын жан дүйнөсүндөгү караңгылыкты сүрөттөш үчүн түнгө аралашат белем?

Же дүйнөдөн качып, деңиздерден өтүп барып, куштарга жана мөмөлөргө толгон аралдан жаны жай тапкан эки ашыктын бактысына күбө болот белем?

Балким, Индияны багындырганы баратып күнгө какталып, мурдунан кан түтүктөп жатып жан берген Искендердин акыркы көз ирмемдерине көлөкө түшүрмөкмүн?

Же уулуна ашыктык менен өмүр жөнүндө акыл айткан атанын карылыгын жана күчүн көрсөтөт белем?

Кайсы баянга көрк жана маани кошмокмун?


Чабарманды өлтүрүп, мени өздөрү менен ала кеткен каракчылардын бири кээде баамчылдык кылып, дарактын сүрөтүн карап отуруу тирүү даракты карагандан кызыгыраак экенин түшүнчү.

Бирок бул дарак кайсы окуянын бөлүгү экенин билбегендиктен, бат эле зеригип кетчү.

Шаардан шаарга сүйрөп жүргөндөн кийин мени айрып салган жок, болбосо ошондон коркуп аткам.

Бир мейманканада мени арык, узун бойлуу бир кишиге бир кумура шарапка сатып жиберди.

Ал байкуш түнкүсүн шамдын үлбүл жарыгында мага көпкө чейин тигилип отурчу.

Кийин кайгыдан өлүп калды.

Мүлкүн сатып жиберишкенде мени бир уста жомокчу сатып алды.

Ошентип, мен Стамбулга чейин жеттим.

Азыр абдан бактылуумун.

Бул түнү Осмон султанынын колунан көөрү төгүлгөн, көздөрү бүркүттүкүндөй, эрки болоттой, билектери назик, жүрөктөрү сезимтал сүрөтчүлөрү менен каллиграфтарынын арасында болуу мен үчүн чоң сыймык.

Ошондуктан силерден өтүнөм: «Бир уста сүрөтчү дубалга илип койсун деп мени сапатсыз кагазга шашылыш тартып койгон» дегендерге ишенбегиле.

Мындан да жаман жалаалар бар.

Кечээ түнү устам дубалга иттин сүрөтүн илип коюп, ошол адепсиз иттин башынан өткөндөрдү айтып бербеди беле.

Ошол эле учурда эрзурумдук Хүсрет кожонун окуясын да сөз кылган.

Эми эрзурумдук Нусрет кожону урматтагандар туура эмес түшүнүп алышыптыр.

Кыязы, биз ага тийишип жаткан имишпиз.

Биз кантип улуу дааватчыны тексиз дей алмак элек?

Тообо!

Мындай жалаа кимдин башына келсин?

Мындай ушакты ким чыгарат?

Эгер Хүсрет менен Нусрет чаташып кетип жатса, анда мен силерге сивастык кыйшык көз Недрет кожонун дарак жөнүндөгү окуясын айтып берейин.

Бул Недрет кожо сулуу жигиттерге көз артып, сүрөт өнөрүн каргаганы аз келгенсип, «кофе деген шайтандын иши, аны ичкен киши тозокко түшөт» деп да айтып жүрчү экен.

Эй, сивастык!

Менин мына бул чоң бутагым кантип ийилип калганын унуттуңбу?

Айтып берейин, бирок эч кимге айтпайсыңар деп ант бергиле.

Анткени жалган жалаадан кудай сактасын.

Бир күнү таң эртең менен карасам, мунарадай узун, арстандай күчтүү, дөөдөй бир киши экөө ушул бутагымдын үстүнө чыгып алышыптыр.

Гүл жалбырактарынын арасына жашынып алып, кечирип гана койгула, кылгылыгын кылып жатышыптыр.

Кийин анын шайтан экенин билдим.

Ошол дөө биздин кожону пайдаланып жатып, кулагынан мээримдүү өөп, шыбырап жатты:

– Кофе арам… Кофе күнөө… – деп.

Ошентип, кофенин зыянына ишенген адам, диндин өкүмүнө эмес, шайтандын шыбырына ишенет экен.

Акырында француз сүрөтчүлөрү жөнүндө айтып коёюн.

Эгер аларды туурайм деген акмактар болсо, сабак алышсын.

Бул француздар падышалардын, дин кызматчыларынын, бектердин, ал тургай аялдардын жүзүн ушунчалык так тартышат экен, адам сүрөтүн көрүп туруп эле көчөдөн тааный алат.

Алардын аялдары көчөдө эркин жүрүшөт, калганын өзүңөр түшүнө бергиле.

Бирок булар ошону менен эле токтоп калышкан эмес.

Андан да катуу кетишиптир.

Уятсыздыгын эмес, сүрөт өнөрүн айтып жатам.

Бир жолу эки улуу француз сүрөтчүсү талаада сейилдеп баратып, өнөр жөнүндө сүйлөшүп калышат.

Алардын алдынан чоң токой чыгат.

Ошондо чеберирээги мындай деген экен:

– Жаңы ыкма менен сүрөт тартуу ушунчалык чоң чеберчиликти талап кылат экен, эгер ушул токойдогу дарактардын бирин тартсаң, сүрөттү көргөн адам бул жерге келип, кааласа ошол даракты башкаларынан айырмалап таап алат.

Мен болсо, өзүңөр көрүп тургандай эле жөнөкөй дарактын сүрөтүмүн.

Мындай акыл менен тартылбаганыма кудайга шүгүр кылам.

Эгер француздардын ыкмасы менен тартылган болсом, Стамбулдагы бардык иттер мени чыныгы дарак деп ойлоп, үстүмө заара кыла бермек деп коркконум үчүн эмес.

Мен дарактын өзү болгум келбейт.

Мен дарактын мааниси болгум келет. 

__________

1. Наста’лик (персче: نستعلیق; фарсча айтылышы: [næsˈtæʔliːq]) – Иранда көбүнчө колдонулган көркөм жазуу түрү, “такталган версия” же “жакшыраак версия” дегенди билдирет.

  • 1952-жылы туулган.

    Заманбап түрк жазуучусу, романист, сценарист. Ал Түркиянын тарыхындагы туңгуч Нобель лауреаты (2006) жана өлкөнүн эң көп окулган, эл аралык деңгээлде таанылган автору болуп саналат. Анын китептери дүйнөнүн 60тан ашык тилине которулуп, миллиондогон нускада сатылган.

  • Котормочу:

    Акын, котормочу, журналист. Бир катар эл аралык, республикалык адабий сыйлыктардын ээси.  “Көчмөн дүйнө” аталышындагы ыр жыйнагы чыккан.

Бөлүшүңүз

Окшоштор

Жооп калтыруу

Сиздин email жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар * менен белгиленген